КЕЛИШИМ - АЙКЫН ОФЕРТА

Документ жүктөп алуу

Бул документ "Билет Стандарт " жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары - Аткаруучу) расмий сунушу (айкын оферта) болуп саналат жана Аткаруучу тарабынан кызматтарды көрсөтүү үчүн бардык маанилүү шарттарды камтыйт. Кызматтардын тизмеси бул келишимде, ошондой эле компаниянын www.bilet.kg расмий сайтында келтирилген.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 396-беренесине ылайык эгерде төмөндө көрсөтүлгөн шарттар кабыл алынса жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнсө, бул офертаны кабыл алган юридикалык же жеке жак Тапшырык ээси болуп калат (КР Жарандык кодексинин 399-беренесинин 2-пунктуна ылайык офертаны кабыл алуу офертада баяндалган шарттар боюнча келишим түзүүгө барабар), ал эми Аткаруучу менен Тапшырык ээси биргелешип - бул келишимдин Тараптары.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, урматтуу коноктор, бул айкын офертанын текстин кунт коюп окуп чыгыңыз.


АНЫКТАМАЛАР:
Оферта – бул документ www.bilet.kg дареги боюнча Интернет тармагында жарыяланган “Билет Стандарт” ЖЧКсынын кызматтарды көрсөтүү боюнча айкын оферта келишими”.
Офертанын акцепти (кабыл алуу) – Тапшырык ээсинин ушул офертанын 2-пунктунда көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо аркылуу офертаны толук жана шартсыз кабыл алуусу. Офертаны кабыл алуу оферта келишимин түзөт.
Тапшырык ээси же Колдонуучу - 18 жашка толгон, Аткаруучу менен келишимдик мамилелерди түзүүгө мыйзамдуу укугу бар, офертаны кабыл алган жана ошентип түзүлгөн оферта келишими боюнча Аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн Тапшырык ээси болуп эсептелген аракетке жөндөмдүү жеке жак.
Оферта келишими - Аткаруучу менен Тапшырык ээсинин ортосундагы консультациялык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим, ал офертаны кабыл алуу менен түзүлөт.
"Билет Стандарт" - Оферта келишими боюнча Аткаруучу болуп саналган "Билет Стандарт" жоопкерчилиги чектелген коому.
Сайт - www.bilet.kg дарегинде жайгашкан Аткаруучунун Интернет тармагындагы веб-сайты, анда Тапшырык Тапшырык ээси тарабынан таризделет.
Тапшырык – Тапшырык ээсинин Сайтта тандалган кызматтарга тийиштүү түрдө таризделген суроо-талабы.
Электрондук жүргүнчү билети – жүргүнчүнү ташуу келишимин күбөлөндүрүү үчүн колдонулуучу документ, анда жүргүнчүнү ташуу жөнүндө маалымат электрондук санариптик формада көрсөтүлөт. Жүргүнчүгө электрондук билеттин маршруттук дүмүрчөгү түрүндө берилет.
Ээлеп коюу системасы – учуу каттамдарынын ырааттамалары, каттамдардагы орундардын болушу, авиаташуучунун тарифтери жана аларды колдонуу эрежелери, ошондой эле сунушталган кызматтарды көрсөтүүнүн башка шарттары жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык система. Көрсөтүлгөн маалымат www.bilet.kg сайтында бул кызматтардын түздөн-түз жеткирип берүүчүлөрү (авиа ташуучулар) же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан ээлөө системаларында көрсөтүлүшүнө толук ылайык жайгаштырылат. Ээлеп коюу системасындагы маалымат жаңыртылышы, өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.


1.    КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ
1.1. Аткаруучу Тапшырык ээсине ушул Келишимдин шарттарында авиабилеттерди ээлөө, төлөө, тариздөө, ошондой эле таризделген авиабилеттерди же маршруттук дүмүрчөктөрдү сый акы алуу менен берүү боюнча ортомчулук кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Тапшырык ээси Келишимдин шарттарына ылайык көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөөгө милдеттенет.


2.    КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ ТАРТИБИ
2.1. Аткаруучу Тапшырык ээсине авиабилеттерди сунуштайт, алар боюнча ал Тапшырык ээси үчүн билетти (билеттерди) ээлей алат (мүмкүнчүлүгү бар) жана кызматтардын наркы жөнүндө маалымдайт.
2.2. Тапшырык ээси ыңгайлуу ыкмалардын бири менен Аткаруучунун сайттары (www.bilet.kg) аркылуу же Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 164/1 дареги боюнча Аткаруучунун кеңсесинде өз алдынча билеттерди ээлейт.
2.3. Аткаруучу менен макулдашуу боюнча авиабилеттерди ээлеп коюу үчүн табыштама электрондук дарек (www.bilet.kg) же Аткаруучунун телефону (___________) аркылуу кабыл алынышы мүмкүн. Ар бир учур өзүнчө каралат.
2.4. Тапшырык ээси Аткаруучуга авиабилетти (авиабилеттерди) ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү үчүн бардык зарыл маалыматтарды берет:
- Тапшырык ээсин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү Тапшырык ээсинин жеке маалыматтары, ошондой эле андан төлөм катары алынган акча каражаттары;
- билет ээленген бардык жүргүнчүлөр үчүн зарыл болгон авиабилеттердин саны, толук аты-жөнү жана паспорттук маалыматтары.
- учуунун жана/же учуп келүүнүн каалаган даталары жана учуп кетүү жана келүү жери;
- Тапшырык ээси менен кайра байланыш үчүн маалыматтар: телефон, электрондук почта жана/же ыкчам байланыштын башка каражаттары.
2.5. Аткаруучу Тапшырык ээсине ушул Келишимдин 3-пунктуна ылайык наркын төлөйт.
2.6. Тапшырык ээси тарабынан кызматтар үчүн төлөм ырасталгандан кийин Аткаруучу авиа билеттерди ээлөө боюнча зарыл чараларды көрөт.
2.7. Ушул Келишимдин 8-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, авиабилеттер алмаштырылбайт жана кайтарылбайт.
2.8. Төлөмдү алгандан кийин, бирок күтүлгөн учуу күнүнө чейин 1 календардык күндөн эрте эмес, Аткаруучу авиабилеттерди же маршруттук дүмүрчөктөрдү тариздеп, Тапшырык ээсинин электрондук почтасына жөнөтөт. Тапшырык ээсинин каалоосу боюнча ал басып чыгарылган электрондук билетти учуу күнүнөн 1 (бир) күн мурун Компаниянын кеңсесинен ала алат. Авиабилеттерди албай коюу же алуудан качуу тобокелдигин Тапшырык ээси көтөрөт.
2.9. Аткаруучу электрондук билетти Тапшырык ээсинин электрондук почтасына жөнөткөндөн кийин авиабилеттерди өткөрүп берүү боюнча өзүнүн милдеттемелерин аткарды деп эсептелет.


3.    КЫЗМАТТАРДЫН БААСЫ, ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТҮ
3.1. Прайс-баракчаларында, атайын сунуштарда, компаниянын сайтында же ырастамада көрсөтүлгөн авиабилеттердин наркы акыркы болуп саналат жана авиабилеттин (билеттердин) Авиаташуучуга төлөөгө бардык чыгымдарын, Аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акыларды жана Келишимдин 3.4-пунктунан тышкары мүмкүн болгон бардык салыктарды камтыйт.
3.2. Бардык эсептешүүлөр сом менен, же төлөө күнүндөгү рыноктук курс боюнча АКШ доллары/евро менен жүргүзүлөт.
3.3. Болгон төлөм мөөнөттөрүнө жараша төлөөнүн жеткиликтүү ыкмалары:
- компаниянын кеңсесиндеги кассада накталай акча менен;
- Келишимде көрсөтүлгөн маалым даректер боюнча Аткаруучунун пайдасына акча каражаттарын жолу менен, накталай эмес ыкма менен;
- www.bilet.kg сайтында ________ (картанын түрү) банк картасы менен төлөм жүргүзүү.
3.4. ТАШУУЧУ тарабынан кошумча жыйым киргизилгендигине байланыштуу аба ташуунун наркы өзгөргөн учурда Тапшырык ээси мындай жыйым үчүн кошумча төлөм жүргүзүүгө милдеттенет. Көрсөтүлгөн кошумча төлөм Тапшырыкты тариздөө күнүнө жана аны төлөөгө карабастан милдеттүү болуп саналат. Тапшырык ээси тарабынан кошумча төлөм төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлүшү керек:
- учуп кетүүгө 30 календардык күндөн ашык убакыт калган учурда 7 күндүн ичинде.
- эгерде учканга чейин 5тен 7 календардык күнгө чейин калса, 3 күндүн ичинде.
- жөнөп кетүүгө 3 календардык күндөн аз убакыт калганда 24 сааттын ичинде.
3.5. Тапшырык ээси Компаниянын кассасына же Аткаруучунун эсебине акча каражаты келип түшкөндөн кийин авиабилеттердин акысын төлөө боюнча милдеттенмени аткарды деп эсептелет. Банктык карталар менен төлөм жүргүзүүдө, Аткаруучуга кызмат көрсөтүүчү Банк төлөмдү ырастагандан кийин төлөм аткарылды деп эсептелет.
3.6. Аткаруучунун Тапшырык ээсине авиабилеттерди тариздөө жана камсыз кылып берүү боюнча милдеттенмеси төлөмдү алгандан кийин гана келип чыгат.


4.    ТАПШЫРЫК ЭЭСИ ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ МИЛДЕТТЕНЕТ:
4.1. Өзүңүз жана кызматтын акыркы колдонуучулары жөнүндө жетиштүү жана ишенимдүү маалыматты, керектүү ташуу жөнүндө маалыматты - дата, убакыт, багыт, жаныбарлар, авиакомпания ж.б., ошондой эле бул учууга карата каалооңузду көрсөтүү.
4.2. Компанияга дарегиңиз жана телефон номуруңуз тууралуу так маалыматты берүү, бул Компаниянын Кардар менен ыкчам байланышы үчүн зарыл.
4.3. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн шарттарга жана мөөнөттөргө ылайык бардык керектүү кызматтарды төлөө.
4.4. Ташуучу кошумча төлөмдү киргизүүгө байланыштуу (3.4-пункт) аба ташуунун наркы өзгөргөн учурда мындай жыйым үчүн кошумча төлөм жүргүзүү. Көрсөтүлгөн кошумча төлөм Заказ Тапшырык таризделген датага жана аны төлөөгө карабастан милдеттүү болуп саналат. Көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөбөсө, Тапшырык ээсин жыйымды төлөөдөн бошотпойт.
4.5. Убагында (учууга бир күн калганда) Ташуучудан же Ташуучунун Ыйгарым укуктуу агентинен учуунун убактысын жана ордун, учуп кетүү аэропортун жана башка маанилүү маалыматтарды текшерүү.
4.6. Келишимдин 2.8 пунктуна ылайык авиа билеттерди алуу.
4.7. Тапшырык ээси алынган авиабилеттерди карап чыгууга жана авиабилеттерде табылган кемчиликтер жөнүндө Аткаруучуга кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.
4.8. Жүргүнчүнүн жанында учуу үчүн зарыл болгон бардык документтер, анын ичинде инсандыгын тастыктаган документ, рейске каттоо, паспорттук жана бажы контролун өтүү үчүн жашы жете электердин чет өлкөгө чыгуусу үчүн анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу, виза (зарыл болгон учурларда) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бара турган өлкөнүн мыйзамдарында, Ташуучунун эрежелеринде каралган башка документтер болушу керек.
4.9. Ташуучу менен келишимде белгиленген Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин (анын ичинде билетте чагылдырылган эрежелерди), ошондой эле транспорттук уставдарды, кодекстерди жана тиешелүү мыйзам алдындагы актыларды сактоо. Бул эрежелер менен жөнгө салынуучу ташууларды жүзөгө ашырууну Ташуучу же Ташуучунун ыйгарым укуктуу агенти менен өз алдынча макулдашуу.
4.10. Кыймылга карата мамлекеттик органдардын талаптарын аткаруу (жүргүнчүнүн аткаруусун камсыздоо), кирүү, чыгуу жана башка зарыл документтерди көрсөтүү жана аэропортко күтүлүп жаткан учуп чыгууга 3 саат калганда же Ташуучу белгилеген убакытта келүү, бул убакыты белгиленген эмес болсо, анда учуу алдындагы формалдуулуктарды аткаруу үчүн жетиштүү убакытка келип калуу.
4.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле аймагынан же аймагы аркылуу Жүргүнчүлөрдү, жол жүктү жана жүктөрдү ташуу жүзөгө ашырылган өлкөнүн Жүргүнчүлөрдү, жол жүктү жана жүктөрдү ташууга тиешелүү мыйзамдарын сактоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык учуу коопсуздугунун, авиациялык коопсуздуктун талаптарын, ошондой эле чек ара, бажы, иммиграция, санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык жана контролдун башка түрлөрүнө тиешелүү талаптарды сактоо.
4.12. Бардык жүргүнчүлөрдү ушул Келишимдин мазмуну жана Аткаруучу Тапшырык ээсине берген бардык маалыматтар менен тааныштыруу, Тапшырык ээсинин Келишим боюнча бардык милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылуу. Тапшырык ээси башка жактардын кызыкчылыгында бүтүмдү ишке ашырууга ыйгарым укуктарга ээ экендигине кепилдик берет.
4.13. Тапшырык ээсине чет өлкөлүк авиаташуучунун авиабилетин сатып алган учурда мындай ташуучу менен укуктук мамилелерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулушу мүмкүн эместиги эскертилет жана билет.


5.    АТКАРУУЧУ МИЛДЕТТЕНЕТ:
5.1. Тапшырык ээсинин ырасталган Тапшырыгына ылайык Тапшырык ээсине авиабилетти (авиабилеттерди) ээлөө, төлөө жана тариздөө.
5.2. Аткаруучунун www.bilet.kg сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу Авиаташуучу тарабынан белгиленген ташуу эрежелери жөнүндө Тапшырык ээсине ишенимдүү маалымат берүү.
5.3. Келишимдин 2.8-пунктуна ылайык Тапшырык ээсине авиабилеттерди өткөрүп берүү.
5.4. Эгерде Тапшырык ээси тарабынан билдирилген шарттарда авиабилеттерди берүү мүмкүн болбосо, бул тууралуу Тапшырык ээсин кабарлоо жана ага альтернативдик шарттарда учууну сунуштоо.
5.5. Тапшырык ээсине төлөнгөн авиабилеттерди алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүү.


6.    АТКАРУУЧУ ТӨМӨНКҮ УКУКТАРГА ЭЭ:
6.1. Эгерде ТАПШЫРЫК ЭЭСИ ушул Келишимдин кайсы бир пунктун аткарбаса, ага андан ары кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга.
6.2. Тапшырык ээси Аткаруучу тарабынан ээленген кызматтар (авиабилеттер) үчүн өз убагында акы төлөбөгөн учурда, Тапшырык Аткаруучу тарабынан эскертүүсүз жокко чыгарылышы мүмкүн.


7.    ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЖАНА ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЧЕЧҮҮНҮН ТАРТИБИ
7.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык авиабилет жүргүнчү менен ташуучунун ортосундагы аба ташуу келишими болуп саналат. Ташуу боюнча милдеттенмелер жана ага байланыштуу бардык милдеттенмелер түздөн-түз ташуучудан келип чыгат.
7.2. Аткаруучу каттамдын учуу убактысын жокко чыгаруу же өзгөртүү, авиакомпанияны, учуп кетүү/келүү аэропортун, аба кемесинин түрүн өзгөртүүгө жана Тапшырык ээсинин саякат программасына байланыштуу өзгөрүүлөргө жоопкерчилик тартпайт. Ырааттамаларда жана башка документтерде көрсөтүлгөн убакыттар болжолдуу болуп саналат жана кепилдик берилбейт. Ташуучу жүргүнчүнү эскертүүсүз башка ташуучуга ташуу үчүн өткөрүп бере алат, зарыл болгон учурда билетте көрсөтүлгөн пункттарда конууну өзгөртүшү же жокко чыгарышы мүмкүн. Ырааттама Аткаруучуга, Тапшырык ээсине же Жүргүнчүгө эскертүүсүз өзгөртүлүшү мүмкүн.
7.3. Аткаруучу байланыш каналдарынын иштеши үчүн жоопкерчилик тартпайт, ушуга байланыштуу, авиабилеттерди алуу мөөнөттөрүн тактоо милдети Тапшырык ээсине жүктөлөт.
7.4. Өлкөгө кирүүдө баш тартылган учурда баш тартуунун себептерине карабастан, Тапшырык ээси жүргүнчүнү депортациялоо боюнча бардык чыгымдарды өзүнө алат, анын ичинде: авиабилеттерге, тамак-ашка, жашаганга, трансферлерге, визаларга ж.б. чыгымдарды.
7.5. Аткаруучу каттам байланыштарын камсыз кылуу үчүн жооптуу эмес.
7.6. Аткаруучу Тапшырык ээси тарабынан берилген маалыматтардын жана документтердин ишенимсиздигинен, жетишсиздигинен же өз убагында берилбегендигинен келип чыккан учурда, ошондой эле ушул Келишимдин шарттарын Тапшырык ээси тарабынан башка бузуулардан келип чыккан өз тарабынан да, Ташуучу тарабынан да ташуунун өзү боюнча кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда жоопкерчилик тартпайт.
7.7. Аткаруучу берилген ташуунун Тапшырык ээсинин күтүүсүнө жана/же анын субъективдүү баасына ылайык келбегендиги үчүн, ошондой эле Ташуучунун Тапшырык ээсинин алдындагы башка милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
7.8. Каттамдардын ырааттамасы, орундардын болушу, тарифтер жана аларды колдонуу эрежелери, ошондой эле Ташуучулардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн башка шарттары жөнүндө бардык маалыматтар Интернет-сайтта жайгаштырылат же Тапшырык ээсине Ташуучулардын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ээлеп коюу системаларында көрсөтүлгөн ыкмасына ылайык Тапшырык ээсине башкача түрдө билдирилет. Аткаруучу компетенттүүлүгүнө жана Ташуучуларды кылдат тандоосуна карабастан, Ташуучулар тарабынан берилген маалыматтын толук көз карандысыз текшерүүсүн жүргүзө албайт жана андагы так эместиктердин толук жоктугуна кепилдик бере албайт. Ушуга байланыштуу ал Тапшырык ээсинин алдында ташуу кызматтары боюнча кандайдыр бир туура эмес маалыматтар үчүн, ошондой эле маалыматтагы каталардан улам Тапшырык ээсине келтирилген зыян же жоготуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
7.9. Аткаруучу Ташуучулардын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ээлеп коюу шарттарын жана тарифтерди колдонуу эрежелерин, ошондой эле ташуу эрежелерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт, анткени бул шарттар жана эрежелер ушундай Ташуучулардын өзгөчө карамагында.


8.    ЖЕҢИЛБЕС КҮЧ (ФОРС-МАЖОР)
8.1. Аткаруучу ушул Келишимде каралган милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде бул аткарбоо келишим түзүлгөндөн кийин келип чыккан жеңилбес күч жагдайлардын, тараптардын алдын ала көрө албаган, акылга сыярлык чаралар менен алдын ала албаган келишимге ылайык келиши мүмкүн болгон өзгөчө окуялардын (форс-мажор) натыйжасында болсо.


9.    ОФЕРТАНЫН КОЛДОНУЛУУ МӨӨНӨТҮ
9.1. Оферта Аткаруучунун Интернет тармагында www.bilet.kg сайтында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана Офертаны Аткаруучу чакыртып алганга чейин күчүндө болот.
9.2. Аткаруучу өзүнүн ыктыяры боюнча каалаган убакта Оферта шарттарын өзгөртүүгө жана/же Офертаны чакыртып алууга укуктуу. Эгерде Аткаруучу Офертага өзгөртүүлөрдү киргизсе, мындай өзгөртүүлөр алар Сайтта жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, эгерде жарыяланган учурда кошумча түрдө өзгөртүүлөр күчүнө кирүү үчүн башка мөөнөт аныкталбаса.
9.3. Аткаруучу кызматтарды ээлөөнүн жана төлөөнүн тартибин жана мөөнөттөрүн Тапшырык ээси бузган учурда, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда алдын ала эскертүүсүз каалаган убакта бул Келишимди бузууга укуктуу.
9.4. Келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда Тапшырык ээси Аткаруучуга ушул Келишим бузулган учурда акыркысы көрсөткөн кызматтары үчүн акы төлөөгө, ошондой эле Аткаруучу иш жүзүндө тарткан чыгымдарын төлөөгө милдеттүү.
10.    БАШКА ШАРТТАР
10.1. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 «Жеке маалымат жөнүндө» Мыйзамына ылайык Тапшырык ээсинин жана/же жүргүнчүлөрдүн жеке маалыматтарын иштетүү ушул Келишимдин жана тараптардын бири Тапшырык ээсин жана / же жүргүнчү болгон аба ташуу келишимин аткаруу максатында ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда жүргүнчүлөрдүн таркатылууга жатпайт.
10.2. Ушул Келишимди шарттары боюнча Келишимди аткаруудан келип чыккан талаштар дооматтык тартипте чечилет. Талаш-тартыштын себеби келип чыккан учурдан тартып 15 күндөн ашпаган мөөнөттө доомат Аткаруучуга жазуу жүзүндө талаптарды негиздеген документтерди тиркөө менен берилет. Келип түшкөн доомат Аткаруучу тарабынан 30 күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
10.3. Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбосо, алар мыйзамда белгиленген ведомствого жана сот караштуулугуна ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
10.4. Ушул Келишимде каралбаган бардык башка жагдайларда Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышат.


11.    АТКАРУУЧУНУН МААЛЫМ ДАРЕКТЕРИФ
Аткаруучу:
«Билет Стандарт» ЖЧКсы
Юридикалык дарек:
Панфилов көчөсү, 164/1 Бишкек ш. 720040
Кыргыз Республикасы,
ЖСН 01411201210059
Банк:
«Оптима Банк» ААК
Алыш-бериш эсеби/сом: 1090820220650151
БИК: 109008
Телефон: +996 (312) 906 906